7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ЖККУга мүчө-мамлекеттердин лидерлеринин мааракелик жыйыны

691

Бүгүн, 16-майда, Москва шаарында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун 30 жылдыгына жана ЖККУнун 20 жылдыгына карата Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө-мамлекеттердин лидерлеринин мааракелик жыйыны өттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Россиянын президенти Владимир Путин, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларусянын президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кремлде тегерек столдо жолугушту.

Катышуучулар ЖККУнун алкагында өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери, эл аралык жана аймактык маселелер боюнча позицияларды биргелешип координациялоо жана жамааттык коопсуздук системасын өркүндөтүү боюнча пикир алышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө лидерлер Жамааттык коопсуздук келишиминин 30 жылдыгына жана Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун 20 жылдыгына байланыштуу ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин билдирүүсүнө кол коюшту, ошондой эле Казакстан Республикасынын аймагында 2022-жылдын январында ЖККУнун тынчтык орнотуу операциясынын катышуучуларын сыйлоо жөнүндө чечимин кабыл алышты.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

692