Америкалык ири ЖМКлар АКШнын шайланган президенти деп аташкан Жо Байден Мамлекеттик департаменттин басма сөз кызматынын мурдагы башчысы Джен Псакини Ак үйдүн пресс-катчысы кылып дайындоону көздөп жатат. Бул тууралуу РБК демократиялык партиянын өткөөл командасынын сайтына шилтеме берүү менен билдирди.
Билдирүүдөн көрүнүп тургандай, журналисттер менен иштөө боюнча жооптуу административдик кызматтарга аялдар гана дайындалат.
«Мен бүгүн сыймыктануу менен алгачкы ирет аялзатынын коммуникациялык командасын жарыялайм», — деди Байден.
Джен Псаки 2011-2013-жылдары АКШнын мурунку президенти Барак Обаманын пресс-катчысы болуп иштеген, андан кийин Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү болгон. Андан соң 2015-2017-жылдары Ак үйдүн коммуникация боюнча директору болуп иштеген.
АКШда президенттик шайлоо 3-ноябрда өттү. Жыйынтыгы азырынча расмий жарыялана элек. Жеңүүчүнү аныктай турган шайлоочулар коллегиясынын мүчөлөрү 14-декабрда добуш бериши керек.
Ошол эле учурда, Америкалык маалымат каражаттары Байден жеңишке жетти деп жазып чыгышты. Трамп жеңилгенин мойнуна ала элек жана бир нече штаттардын сотторунда ага каршы чыгышууда. Ошол эле учурда, ал өзүнүн администрация мүчөлөрүнө бийликти демократка өткөрүп берүү жол-жобосун баштоону сунуш кылды.