7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жогорку Кеңеш эмгекти коргоо боюнча жаңы мыйзамды жактырды

298

Бүгүн, 22-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар «Эмгекти коргоо жөнүндө» мыйзам долбоорун карап, үчүнчү окууда кабыл алышты.

Маалымат менен Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Гүлнара Баатырова тааныштырып, мыйзам долбоору кызматкерлер үчүн дени сак жана коопсуз эмгек шарттарын түзүү, өндүрүштөгү кырсыктарды жана кесиптик оорулардын алдын алуу, ошондой эле мамлекеттик деңгээлде эмгекти коргоо системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана мындан ары аталган мыйзамды өркүндөтүү максатында иштелип чыкканын билдирди.

Мыйзам долбоору эмгекти коргоо ченемдерин жана стандарттарын сактоону натыйжалуу көзөмөлдөөнүн укуктук негизин түзүп, эмгек шарттарынын абалына карата иш берүүчүлөрдүн жоопкерчилигин жогорулатат.

Ошондой эле кызматкерлерге келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик каралып, айрым категориялар үчүн кошумча колдоо чаралары белгиленет.

299