7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жогорку Кеңеш Конституциялык соттун чечимин кайра кароо мыйзамын кабыл алды

735

Жогорку Кеңештин депутаттары Конституциялык соттун чечимин кайра кароого мүмкүндүк берген мыйзам долбоорун жактырды.

Жыйында депутат Надира Нарматова билдиргендей, бул норманын иштелип чыгышына өлкөдө батыш идеологиясын жайылтып, менталитетке каршы келген, атанын кадыр-баркына доо кетирген баланы эненин атына жаздыруунун мыйзамдашуусу себеп болду.

Депутаттар “КР Конституциялык соту жөнүндө” КР конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун карап, экинчи жана үчүнчү окууда колдоду. Демилгечи – Кыргызстандын президенти.

Мыйзам долбоору тууралуу Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК Регламенти боюнча комитеттин төрайымы Чолпон Султанбекова маалымат берди.

Мыйзам долбоорунда сунушталгандай, Конституциялык сот өзүнүн чечимин төмөнкү учурларда КР президентинин сунуштамасы боюнча же Конституциялык соттун төрагасынын сунуштамасы боюнча кайра карашы мүмкүн, эгерде:

1) чечим кабыл алууга негиз болгон КР Конституциясынын ченеми өзгөрсө;

2) чечим чыгаруу учурунда Конституциялык сотко белгисиз болгон, кайрылуу предмети үчүн жаңы олуттуу жагдайлар ачылса;

3) чечим Кыргызстан элинин моралдык жана адеп-ахлактык баалуулуктарына, коомдук аң-сезимине карама-каршы келсе.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

736