7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жогорку Кеңеш Тогуз-Тородо өрттөнүп кеткен мектепке техника алууга каражат бөлөт

298

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда өрттөнүп кеткен мектептин окуучулары үчүн техникаларды сатып алууга каражат бөлүнөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исатбек кызы 15-декабрында №11 Саймалуу-Таш жалпы билим берүүчү мектеп толугу менен өрттөнүп кеткенин билдирди.

Ал жаңы мектептин курулушун 2025-жылдын титулдук баракчасына киргизүүнү суранды. Учурда балдар билим алууга шарты жок ашканада, китепканада билим алууда.

Депутат Финансы министрлигине 50 парта, 200 отургуч жана 6 доска алууга каражат бөлүп берүү өтүнүчү менен кайрылды. Ошондой эле ал Билим берүү жана илим министрлигинен 10 компьютер жана 2 принтер берүүнү суранган, бирок алар 5 гана компьютер беришкен.

Буга парламент төрагасы Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңештин төрагасынын фондунан доска, компьютерлерди жана принтерлерди сатып алууга каражат карала турганын белгиледи.

299