Бүгүн, 22-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Баткен областындагы жана Ош областынын Алай районундагы Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участкасындагы түзүлгөн кырдаалды жабык эшик артында карап жатат.
Жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышууда.