7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жогорку Кеңештин депутаты Нодирбек Каримов Өзгөн шаарынын мэри болуп шайланды

1217

Жогорку Кеңештин депутаты Нодирбек Каримов Өзгөн шаарынын мэри болуп шайланды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдирет.

Маалыматка караганда, шайлоо жабык өттү. Өзгөн шаарынын мэрлигине 3 талапкер ат салышкан. Жыйынтыгында Нодирбек Каримов 17 добуш, Азамжан Джалилов 14 добуш алса, Мухтаржан Халматов добуш алган жок.

Өзгөн шаардык кеңешинде 31 депутат бар.

Каримов Нодирбек Тохтосинович 1970- жылдын 19-октябрында Өзгөн районунда туулган. 1993-жылы Алматадагы технологиялык институттан инженер адистигине ээ боулп чыккан.

— Эмгек жолун 1993-жылы Өзгөн районундагы Т. Каримов атындагы «Өзгөн дан азык» акционердик коомунда иштөө менен баштаган;

— 1998-2013-жылдары Өзгөн районундагы Т. Каримов атындагы «Өзгөн дан азык » акционердик коомунун төрагасы болуп иштеген;

— 2013-жылда Ош облусунун Өзгөн районун Өзгөн шаарынын мэри болуп шайланган.
— 2015-жылдын 4-октябрында Кыргызстан социал демократиялык партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.

Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1218