7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мамат Орозбаев каза болду

398

Кыргызстан эли орду толгус оор жоготууга учурады. Белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, Жогорку Кенештин мурдагы депутаты Орозбаев Мамат Орозбаевич 7-январда 78 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу парламенттин коомчулук жана ЖМКлар менен иштөө бөлүмүнөн билдиришти.

Мамат Орозбаев 1946-жылдын 22-октябрында Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылында туулган. 1971-жылы Самарканд кооперативдик институтун аяктап, Жалал-Абад кооперативдик техникумунда окутуучу катары ишин баштаган. 1975-1979-жылдары Кара-Суу райондор аралык базасында, 1979-1984-жылдары Жалал-Абад универсалдык соода базасында директор болуп эмгектенген. Андан соң Ош облустук соода башкармалыктарында жана башка мекемелерде жетекчилик кызматтарды аркалаган.

1990-жылы “Легендарлуу парламент” деп аталган Кыргыз ССР Жогорку Советинин 12-чакырылышына депутат болуп шайланып, кийин да эгемен Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин бир нече чакырылыштарынын депутаты болгон.

Көп жылдык жемиштүү эмгеги, калкты тейлөө чөйрөсүндөгү өзгөчө жетишкендиктери үчүн мамлекеттик жана тармактык сыйлыктар менен сыйланган. Андан тышкары КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын Ардак грамотасын, “Кыргыз Республикасынын калкты тейлөө чөйрөсүнө эмгек сиңирген кызматкер”, “Ош облусунун ардактуу атуулу” наамдарын алган.

Маркумдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, орду толгус оор жоготуунун аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

399