7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жогорку Кеңештин Төрагасы он төрт балалуу үй-бүлөгө унаа белек кылды

259

Бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жеке каражатына сатылып алынган Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаанын ачкычын он төрт балалуу Майрамбек Алыбаевге өз үй бүлөсүнүн атынан тапшырды.

Өлкөбүздүн башкы байлыгы эл экенин белгилеген Төрага: “Азыркы тапта калкыбыздын санын көбөйтүү мамлекеттик саясатыбыздын артыкчылыктуу багыты болууда. Айрыкча келечектеги демографиялык жагдайды эске алуу менен үй-бүлө институтун бекемдөө жана көп балалуу үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүүбүз кажет. Себеби, биз өлкөбүздү элибиздин аракети жана калкыбыздын көмөгү менен гана көтөрө алабыз. Айрым алдыңкы мамлекеттердин тажрыйбасы көрсөткөндөй, калктын саны өлкөнүн алдыга жылуусунда өзгөчө мааниге ээ”, – деди.

Ошондой эле балдар ата-эненин гана эмес, жалпы мамлекеттин келечеги экенин баса белгилеген Нурланбек Тургунбек уулу Майрамбек Алыбаевдин үй-бүлөсү бардык кыргызстандыктарга үлгү экенин кошумчалады.

260