7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жогорку Кеңештин төрагасы расмий сапар менен Россияга барат

271

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев расмий сапар менен Россияг барат. Бул тууралуу бүгүн төраганын Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов менен болгон жолугушуусунда белгилуү болду.

Жолугушууда тараптар эки өлкө ортосундагы калыптанган кызматташтыкты жигердүү улантуу тууралуу сөз болуп, тараптар аталган багыттагы айрым маселелер боюнча ой бөлүштү.

Төрага Марлен Маматалиев Кыргызстан Россия мамлекети менен калыптанган кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурарын белгилеп: “Эки мамлекет ортосундагы саясий диалог жана стратегиялык өнөктөштүк жогорку деңгээлде экенин баарыбызга белгилүү. Биз достукка жана өз ара ишенимге негизделген байланыштарды мындан ары да улантып, парламенттер аралык алакаларды да жигердүү өнүктүрүшүбүз кажет», – деди.

Муну менен катар жакынкы аралыкта Россия Федерациясына расмий сапар менен барарын айткан төрага: «Бул сапар парламенттер аралык диалогду эле эмес, мамлекеттер аралык кызматташтыкты тереңдетүү үчүн өзгөчө мааниге ээ. Андыктан, жолугушууларда эки тараптуу байланыштарга тиешелүү жагдайлар талкууланып, расмий сапар жемиштүү болот деген ишеничтемин»,– деди.

Өз кезегинде элчи катары төраганын алдыдагы расмий сапарын уюштурууга болгон күч-аракетин жумшап, көмөк көрсөтөрүн убада кылып, айтылган ар бир сунуш маанилүү экенин белгиледи.

272