Жогорку сотунун төрайымы Нургүл Бакирова Түркияга барган иш сапардын алкагында Түркиянын Кассациялык сотунун төрагасы Мехмет Акаржа менен расмий жолукту. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирет.
Тараптар эки өлкөнүн сотторунун ортосундагы кызматташтыгы, өз ара байланыштарды бекемдөө жаатында талкуу кылышкан.
Нургүл Бакирова Түркия Сот жылынын ачылыш аземине жана «Апелляциялык соттордогу мыкты тажрыйбалар» эл аралык симпозиумуна катышууга чакырылган.
Симпозиумда Бакирова түрк тилдүү мамлекеттердин Жогорку сотторунун төрагаларынын кеңешин түзүү демилгесин көтөрүп, Мехмет Акаржа бул демилгени толук колдой тургандыгын билдирген.
Төрайым эки тараптуу кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгаруу максатында Түркиянын Кассациялык сотунун төрагасы Мехмет Акаржаны Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.