7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жол акысы көтөрүлбөйт, накталай төлөмдү жогорулатуу гана сунушталат

410
Бишкекте коомдук транспортто жүрүүдө жол кире акысы көтөрүлбөйт, накталай төлөмдү жогорулатуу гана сунушталат.

Мэриядан билдиргендей, Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 26-апрелиндеги токтому менен бекитилген колдонуудагы тарифке ылайык, муниципалдык автобустарда жана троллейбустарда жүрүү наркы накталай эмес түрдө 17 сом, накталай формада 20 сом. Накталай жана накталай эмес төлөм формасынын айырмасы 3 сом.

«Накталай төлөгөндө айдоочуга тоскоолдук жаралып, ошол эле учурда анын сол чөнтөгүн толтурабыз. Айдоочулар алаксып жол кыймылынын эрежесин бузуп, планды толтуруу үчүн жарышып айдап, кырсыктарга учурап жатышат. Жаңы автобустардын кырсыкка учурашы, чыгымдарды гана алып келбестен, жүргүнчүлөрдүн ден соолугуна да таасир тийгизет. Мындай иш-аракеттер жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн жасалып , жүргүнчүлөрдү сапаттуу ташууну камсыз кылат жана коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга мүмкүнчүлүк берет», — деп айтылат маалыматта.

Мэрия бул маселенүү чечүү үчүн накталай төлөмдү көтөрүү сунушун коомдук талкууга койду. Ошондой эле, бир билет менен белгилүү бир убакыттын ичинде автобустарды алмаштыруу жасоого мүмкүндүк берген тарифти киргизүү пландаштырылууда.

Шаардык муниципалитет долбоорду иштеп чыгууда бардык сунуш-пикирлер эске алынарын айтты.

411