7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жол тескөөчүгө 200 сом берген айдоочунун видеосу тууралуу ЖКККББнын жообу

733

Буга чейин социалдык тармактарда айдоочулук күбөлүктүн ичине 200 сом салып, жол тескөөчүгө берген видео тараган. Бул видео боюнча ИИМдин жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан түшүндүрмө беришти.

«Ал видео эски, 2023-жылдын 24-февралында тараган. Ошол учурда эле, бул кызматкерлерге карата ИИМдин Ички ички иликтөө кызматы тарабынан кызматтык иликтөө иштери жүргүзүлүп, баардык топтолгон материалдар юридикалык баа берүү үчүн Сокулук районунун прокуратурасына жөнөтүлгөн. Урматтуу жарандар жана жарандык активисттер такталбаган маалыматтарды таратпоого чакырабыз. Биз баарына ачыкпыз. Эгерде мыйзамга каршы терс көрүнүштөр болсо, биздин расмий баракчага фото, видео материал менен түз жөнөтүңүздөр. Баарына кызматтык иликтөө иштери жүргүзүлүп, жооптору берилет» — дешти ЖКККББдан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

734