“Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун мүчөлүгүнөн дагы бир жаран баш тартты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ат-Башы районунун Ак-Муз айылынын 1994-жылы туулган Ж.С. аттуу тургуну мурда «Хизбут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун ишмердүүлүгүнө катышып, экстремисттик идеологияны активдүү жайылтып жүргөн.
Жогорудагы жаран өзү тандап алган диний багытынын туура эместигин моюнга алып, жарандарды аталган уюмдун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алданбоого чакырды.