7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жоокерлердин ур-токмокко алынышы боюнча иликтөө башталды

361

Аскер прокуратурасы тарабынан ӨКМдин 86123 аскер бөлүгүнүн аскер кызматкерлерине карата офицер тарабынан күч колдонуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

Кылмыш ишинин козголушуна 11-майда массалык маалымат каражаттарына жарыяланган зордук-зомбулук фактысы жазылган видеотасма себеп болгон.

Тергөө Бишкек гарнизонунун Аскердик прокуратурасына тапшырылды. Тергөөнүн жыйынтыгы менен күнөөлүү адамдардын аракеттерине тиешелүү юридикалык баа берилет.

«Тергөө иштерин ар тараптуу жана ыкчам жүргүзүүнүн алкагында жабыркаган аскер кызматкерлери Аскердик прокуратурага жеткирилип, алардын катышуусунда зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

362