7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды

386

Бүгүн,20-августта Жукеев -Пудовкин көчөсүнүн Горький көчөсүнөн Кулатов көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү магистралдык жылуулук тармактарын реконструкциялоо иштери аяктады.

Медеров  көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейин жайгашкан жылуулук тармагынын калган тилкелеринде иштер уланууда жана август айынын аягына чейин бүткөрүлөт.

Эскерте кетсек, «Бишкек жылуулук тармагы» ишканасы Жукеев -Пудовкин көчөсүн бойлой магистралдык жылуулук тармагын масштабдуу реконструкциялоодо. Бул долбоордун алкагында диаметри 700 мм болгон түтүктөр толугу менен диаметри 900 мм болгон түтүктөргө алмаштырылып, бардык жапкычтар жаңыланды. Реконструкцияланган тармактын жалпы узундугу 845 метрди түзөт.

 

387