Бүгүн, 9-ноябрь күнү Жумгалда дайынсыз болуп жаткан ата-баланы издөөгө 24 адам тартылды. Бул тууралуу ӨКМден билдирди.
Эрте менен издөө иштерине КР ӨКМнин Жумгал райондук №43 ӨКБдан 5 куткаруучу, ИИМден 9 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 10 адам, жалпы 24 адам тартылган.
Белгилей кетсек, 16-октябрь күнү ата-бала мал кайтарууга жайлоого кетип, дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 19-октябрда түшкөн.
Кошумча маалымат берилет.