7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сосновка жана Арал постторунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды

251

Оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө Жайыл районундагы Сосновка постунда бүгүн саат 08:00дө, Токтогул районундагы Арал постунда саат 08:30да алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Ал эми Талас районунун Суусамыр—Талас—Тараз унаа жолунун 36-чакырымында киргизилген чектөө алына элек.

Белгилей кетсек, кечээ күнү унаа жол тайгак болуп жатканына байланыштуу Токтогул районундагы Арал, Жайыл районундагы Сосновка жана Талас районундагы Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 36-чакырымында оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилген.

252