7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жумгалда үй тибиндеги “Мээрим” балдар бакчасы ачылды

332

Жумгал районунун Чаек айылында Нарын облусу боюнча биринчилерден болуп өкмөттүк акселератор программасы менен үй-бүлө тибиндеги “Мээрим” балдар бакчасы ачылды.

“Өкмөттүк акселераторлор” программасынын негизинде үй тибиндеги балдар бакчаларын ачуу жана аялдар үчүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү максатында Чаек айылында 15 орундуу “Мээрим” үй тибиндеги  балдар бакчасынын ачылуу аземи болуп өттү.

Ачылышка  Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Набиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ш.Абдырайым уулу, Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратов, Ардагерлер кеңешинин төрагасы Ж.Алышукуров, мекеме жетекчилери жана айыл тургундары катышты.

“Мээрим” үй тибиндеги бала бакчага 15 бала тартылып, 4 кызматкер иш менен камсыз болду.

Маалымат үчүн белгилесек, район аймагында 10 сааттык 25 бала бакча, 3 сааттык кыска мөөнөттү 10 бала бакчада 2258  бала тарбияланып, 157 тарбиячы эмгектенет.

 

333