7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жумгалда жоголгон жарандын жансыз денеси табылды

335

Нарын облусунун Жумгал районунда дайынсыз жоголгон жарандын жансыз денесин ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Кинологиялык борборунун кызматкерлери табышты.

Бүгүн, 14-ноябрда ИИМ БМЖКККнын кызматтык-издөө иттеринин жардамы менен дарыянын жээгинен 45 жаштагы адамдын жансыз денеси табылды. Кызматтык ит жоголгон жарандын жытын алып, анын сөөгүн Көкөмерен суусунун боюнан тапкан. Учурда издөө иштери анын уулун табууга багытталды.

Эске салсак, дайынсыз жоголгон ата-бала 16-октябрдан бери изделүүдө. Издөө иштерине укук коргоо органдарынын кызматкерлери, ыктыярчылар жана жергиликтүү тургундар тартылган.

 

336