Бүгүн Абу-Дабинин «Мухаммед бин Зайед» стадионунда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2026-жылкы Дүйнө Чемпионатынын квалификациялык үчүнчү раундунун алкагында Бириккен Араб Эмирлигинин курамасы менен беттешет.
Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 22:15те башталат. Беттештин түз алып берүүсү УТРК Спорт каналында жана Кыргыз Спорт ТВ каналынын Megaline, Aknet, Neotelecom кабелдик түйүндөрүндө жеткиликтүү болот.
Бардык футбол сүйүүчүлөрү жана Акшумкар күйөрмандары үчүн «Бишкек Парк» соода борборунда беттешке чоогу күбө болуу үчүн фан-зона уюштурулат. Оюн-зоок программа саат 20:00дө башталат. Сиздерди кызыктуу конкурстар, баалуу байгелер жана белектер күтөт. Баш байге Кыргызстандын курама командасынын келерки жылдын март айында өтө турган Өзбекстанга каршы беттешине жолдомо. Футболдук майрамдын бир бөлүгү болуп, кураманы колдоп кетиңиздер!
Белгилей кетсек, Кыргызстандын Улуттук курамасы тарыхта алгачы жолу Дүйнө Чемпионатынын үчүнчү раундунда ойноодо. Үчүнчү баскычта 18 курама алты командадан турган үч тайпага бөлүнөт. Бул этаптагы оюндардын жыйынтыгы боюнча ар бир тайпадан эң мыкты эки команда 2026-жылкы Дүйнөлүк биринчиликке жолдомо алышат. Төртүнчү квалификациялык раундда Азиядан дагы эки катышуучуну аныкталат жана континенттер аралык плей-офф аркылуу Дүйнөлүк чемпионатка катышуу үчүн дагы бир орун үчүн күрөш жүрөт. Биздин курама команда Иран, Катар, БАЭ, Түндүк Корея жана Өзбекстандын курама командалары менен биргеликте «А» тайпасында орун алган.