7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нарын ооруканасынын жетекчилиги мамлекетке ири зыян келтирген

147

Нарын ооруканасы тарабынан сатылып алынган 8 миллион сомдук товардын иш жүзүндөгү өздүк наркы 2,5 миллион сомду түздү. Бул тууралуу УКМКдан кабарлады.

Мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө Нарын облустук бириккен ооруканасынын жетекчилиги тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана жеке ишканадан финансылык сый акы алуу фактылары аныкталып, натыйжада мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

2023-жылдын декабрь жана 2024-жылдын июль айларында бул оорукананын жетекчилиги жана жооптуу кызматкерлери «Мээримдүүлүк жана камкордук» (Кыргызстан майыптар коомуна кирет) коомдук бирикмесинин уюштуруучусу менен кылмыштуу макулдашууга кирип, белгилүү бир акчалай сый акыларга «бир булактан» ыкмасы менен ар кандай товарларды жалпы суммасы 8 млн. 85 миң сомго алдын ала көтөрүлгөн баалар менен сатып алышканы аныкталган.

Соода-өнөр жай палатасы тарабынан жүргүзүлгөн баалоо экспертизасынын жыйынтыгы боюнча сатып алынган товарлардын орточо базар баасы 2,5 млн.сомго жакынды түзгөндүгү жана алардын реалдуу наркын жогорулатуу 300% дан ашкандыгы такталды.

Белгилей кетсек, «Мээримдүүлүк жана камкордук» КБ тарабынан товарларга атайылап коюлган жогорулатылган баалар Бишкек шаарынын монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчилиги тарабынан бекитилген.

Мындан тышкары бул коомдук бирикменин жетекчиси З.Э түзүлгөн келишим үчүн акчалай сыйлык катары Нарын облустук бириккен ооруканасынын башкы эсепчиси У.Ч.нын банктык картасына 500 миң сом которгон. Ошентип мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 5,5 миллион сомго жакынды түзүп, ал толугу менен төлөнүп берилди.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

148