7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Журналисттин өлүмүнө шектелип кармалган блогер үй камагына чыкты

767

Баткендик журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө шектелип  деп кармалган блогер Батмакан Жолболдуева үй камагына чыкканы маалым болду. Тиешелүү чечимди 18-августта Баткен райондук соту чыгарган. Бул боюнча облустук соттун басма сөз катчысы Замир Ормонов билдирди.
Эске салсак, журналист Арзыгүл Галымбетова 25-март күнү кечке жуук өзүн жаман сезип ооруканага кайрылган жана көпкө узабай каза болгон. Журналист Галымбетова каза болгонго чейин Батмакан Жолболдуева анын абийирине шек келтиргенин өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу айтып чыккан, ошол эле учурда арыз менен милицияга билдирүү жасаганын да тастыктаган.
Баткен облустук ички иштер башкармалыгы, блогер Жолдубаеваны 2022-жылдын 28-мартында камакка алган жана ага карата Кылмыш-жаза кодексинин «этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү”, «жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу”, “документтерди жасалмалоо” жана “бейбаштык” беренелери менен кылмыш ишин козгогон.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

768