7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жусуп Абдрахмановдун иш столу Мамлекеттик тарых музейине өткөрүлүп берилди

544

 

Мамлекеттик жана саясий ишмер Жусуп Абдрахмановдун иш столу Мамлекеттик тарых музейине өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев катышты. Анда бул столдун тарых музейине берилиши абдан маанилүү экендиги айтылып, музейдеги бирден- бир баалуу тарыхый экспонат катары фондду толуктап жаткандыгы белгиленген.
«Иш столду өткөрүү иш-чарасына президентик аппараттын Гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаев жана Уулттук илимдер академисынын Бегимаалы Жамгырчинов атындагы Тарых, археология жана этнография институтунун директору Абылабек Асанканов катышты.
Бул стол тарыхый жактан өзгөчө мааниге ээ. Столдун болжолдуу курагы дагы 100 жыл. Тарыхый мааниге ээ болгон Абдрахмановдун иш столу Илимдер академиясында интеллигенция өкүлдөрүнө кызмат кылып келген», — деп жазылат мекеменин маалыматында.
Эскерте кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров «Жусуп Абдрахмановдун туулган күнүнүн 120 жылдыгын белгилөө жөнүндө» жарлыкка кол койгон.

545