7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жыл башынан бери ОСАГО боюнча 113 жаранга 10 млн сомдон ашык компенсация төлөндү

242

2025-жылдын 16-июнуна карата ОСАГО боюнча 113 жаран компенсация алып, анын жалпы суммасы 10 млн 262 миң 913 сомду түздү. Бул тууралуу “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ААКсы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 2024-жылдын жыйынтыгы менен автотранспорт ээлеринин жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу полистери боюнча 48 жаранга 4 млн 320 миң 153 сом суммада төлөмдөр жүргүзүлгөн.

ОСАГО боюнча төлөмдөр автожүргүнчүлөргө жана жол кырсыгына кабылган жарандарга убагында материалдык колдоо көрсөтүүгө мүмкүндүк берип, жолдордогу коопсуздукту жана жарандардын каржылык жактан корголушун арттырат.

Ошол эле учурда Мамлекеттик камсыздандыруу уюму камсыздандыруу полисин убагында түзүү жана жол кыймылынын эрежелерин сактоо маанилүү экенин эскертет.

ОСАГО – бул транспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу, ал жол кырсыктарынан жапа чеккен үчүнчү жактарга келтирилген зыянды жабууга багытталган.

Башкы кенсе: Бишкек, Ч.Айтматов проспектиси, 2-имарат, 4- кабат. Бишкек филиалы: Москва көчөсү 71, 2-этаж.

Байланыш номери : +996 707 545-400, +996 553 545-400.

Жумуш убактысы: 9:00-18:00.

Эске салсак, унаасын камсыздандырбагандар 1-июлдан тарта айып пул төлөйт. Ал эми ОСАГО полиси 1680 сомдон башталат.

 

243