Кечээ, 1-декабрда, Sports Awards – 2021 жылдын мыкты спортчуларын сыйлоо салтанаты өттү.
Маалыматка ылайык, иш-чара кыргыз спортчуларынын кызыл килемден өтүүсү менен башталды. Быйыл сыйлык тапшыруу аземи 7-ирет өтүп жатат.
Салтанаттын ачылышында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов дүйнөлүк аренага Кыргызстандын атын чыгарып келе жаткан спортчуларды куттуктады.
“Спорт — бул мамлекеттик туунун эл аралык аренада көтөрүлүшү. Спортчулардын ар бир жетишкендиги кайсы гана өлкө болбосун чоң аброй алып келет. Ошондой эле социалдык-экономикалык чөйрөгө өзүнүн түздөн-түз салымын кошот. Ал эми өлкө ичинде спортчулардын жетишкендиктери элибизди ынтымакка бөлөп, кубандырып, ынтымак менен биримдиктин туусунун алдында бириктирет”, — дейт министр.
Спорт тармагындагы жылдын мыктыларын аныктоо социалдык тармак аркылуу добуш берүү жана эксперттик комиссиянын негизинде аныкталды:
- Улуттук спорт түрлөрү боюнча мыкты спортчу – Ынтымак Мурадил уулу (Салбуурун);
- Улуттук спорт түрлөрү боюнча мыкты машыктыруучу – Нурлан Молдакунов (Салбуурун);
- Паралимпиадалык спорт түрлөрү боюнча мыкты спортчу – Арстанбек Базаркулов (Пара атлетика);
- Сурдлимпиадалык спорт түрлөрү боюнча мыкты спортчу – Илгиз Каналбек уулу (Дзюдо);
- Майыптыгы бар жарандар арасында олимпиадалык эмес спорт түрлөрү боюнча мыкты спортчу – Болот Азамат уулу (Пара кол күрөш);
- Олимпиадалык спорт түрлөрү боюнча мыкты спортчу – Акжол Махмудов (Грек-рим күрөшү);
- Олимпиадалык спорт түрлөрү боюнча мыкты спортчу айым – Айсулуу Тыныбекова (Кыз-келиндер күрөшү);
- Олимпиадалык спорт түрлөрү боюнча мыкты машыктыруучу – Руслан Маджинов (Эркин күрөш);
- Олимпиадалык эмес спорт түрлөрү боюнча мыкты спортчу – Бей-Барс Анарбеков (Белбоо күрөш);
- Олимпиадалык эмес спорт түрлөрү боюнча мыкты спортчу айым – Самара Абдумалик кызы (Самбо);
- Олимпиадалык эмес спорт түрлөрү боюнча мыкты машыктыруучу – Азамат Казакбаев (Самбо);
- Жыл жаңырыгы – Эрназар Акматалиев (Эркин күрөш);
- Мыкты ММА чебери – Алтынбек Мамашев;
- Мыкты улакчы – Нуржан Мелисбек уулу.
- Уюштуруу комитетинин чечиминин негизинде:
- Атайын сыйлык – Эдуард Кубатов;
- Мыкты меценат – Шаршенбек Абдыкеримов.
Белгилей кетсек, Sports Awards – 2021 сыйлыгы спорт жана дене тарбия тармагында кесипкөйлүк ишмердүүлүгүндө зор ийгиликтерге жетишкен жана спорттун өнүгүшү менен жайылышына маанилүү салым кошкон спортчуларга тапшырылып келет.