7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Зоотехник ветеринардык испекцияны башкарууга баратат

634

Фейсбук тармагында Ветеринардык инспесцияга жаңы дайындалуучу жетекчи тууралуу катуу сындар айтылууда. Айтылган пкирлердин басым көпчүлүгү «зоотехник» ветеринариянын тилин түк түшүнбөйт деп чорт кесип баалашууда.
«Ветеринардык инспекцияга билими зоотехник болгон Самир Осмоналиев келатат. Оу, бийликтегилер! Бул тармакка ветеринариянын тилин түшүнгөн, эл аралык сүйлөшүүлөрдү жүргүзө алган адамды алып келсеңер болмок. Кошуна өлкөлөргө шылдың болуп бүтмөй болдук го? «Кадрлар баарын чечет», — деген сөз бар. Туура кадр тандаңыздарчы»-деген пикирин журналист Аманбек Султанбеков жеке баракчасы аркылуу бөлүштү.

Ага улай эле журналист Мааданбек Таалайбек уулу да аталган окуя тууралуу өз оюн билдирди.
«Айланайын где логика?! Калктын басымдуу бөлүгү мал-жандык менен күн көрүшөт! Аны жакшы билесиз! Ветеринария мамлекеттин стратегиялык кызматтарынын бири, бул тармакка дасыккан,терең билими бар,тажрыйбасы мол адис керек. Мал чарбасы үчүн,негизи эле мал-жандыктарында жалпы эле жаныбарларда жылына 2-3жолу кайталанма вирустар жүрүп турат!
«Эшеке таажы кийгизем»-деп жатып мал жандыктарын кырып албагыла! Бул оюнчук эмес,жоготуу болсо элде болот! Мамлекеттин кылада кыйшайбайт! Жок дегенде так тармака кылдат мамиле кылыңыз! Элге кылган жардамыңыз деп билели!!! Бул тармакты эл аралык кызматташууну түшүнгөн,башка өлкөнүн адистери менен ветеринардык тил менен сүйлөшө билген адис керек.
Ветеринария инспекциясына зоотехникти алып келген жатасыңар бул акылга сыйбаган иш! Алып келе жаткан кишиңер, » Ветеринария»жөнүндө жана кандай алып кетүү жөндөмү жок экенин билсеңер деле, «батпаган көлөчкө маасыңарды» тыга бересиңерби!!! Кадр тандоодогу жаңылыштык өзүңүзгө муш болот, ага кошуп эч кандай аброй алып келбейт сизге! Дагы бир жолу эсиңизге салып кетейин, сиз калктын басымдуу бөлүгүнүн кыймылдаган тиричилигине кайдыгер мамиле кылып жатасыз»-деп жазган ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

635