АКШнын президенти Жо Байден ABC News телеканалына берген маегинде, Россиянын президенти Владимира Путинди “киши өлтүргүч” атады. Журналисттин тактоочу суроосуна да Ммм… хмм… Мен ошентип ойлойм» — деп жооп берген.
Байден Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүп, АКШдагы акыркы шайлоого аралашкан деп шектенип жаткандыгын, маалымат такталса, жоопкерчилик каралаарын эскерткен.
Ошону менен бирге, Вашингтон Россиядагы кызыкчылыктары бир болгон айрым облустары менен гана иштешүү ниетин билдирген.
BBCнин маалыматына ылайык, Вашингтон кийинки жумада санкция киргизүүсү мүмкүн.
Айыптоолор АКШнын чалгындоо кызматы жарыялаган докладдан улам жаралган.
Анда, Москва АКШдагы шайлоого аралашкандыгы айтылат. Тагыраагы, Байденди каралаган жалган маалыматты массалык маалымат каражаттарынан таратууга катышы бар деп жазылган.
Ал эми Россиянын Тышкы иштер министрлиги, АКШнын чалгындоо кызматы өзүнүн чабалдыгын жаап-жашыруу үчүн жалган маалымат чыгарды деп эсептээрин билдирген.