«Ветинспекцияга зоотехникти алып келгени жатасыңар, мынча болду механикти минздрав койгула!», — дейт коомдук активист Элнура Кулуева. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.
Ал мындай пикири менен тең бөлүшүп, премьер-министр Улукбек Мариповго кайрылуу жасаган.
«Ушу кантип болсун. Улукбек Асамидинович. Унчукпай коё албайт экенсиң… Ветеринария инспекциясына зоотехникти алып келгени жатасыңар. Мынча болду анда механикти минздрав койгула. Бул кызматты зоотехник жетектесе. Эл аралык аренада эмне дейбиз? Ужас.
Кыргызстандын ветеринария кызматын тийиштүү адис башкарыш керек. Мыйзамында турат. Ветеринария жаатындагы реформаларыңар теңирден тескери кетип, зоотехникти жетекчи кылып баштасаңар анда Улукбек мырза… өлкөнү өлтүрөсүздөр….
Ветеринария кызматынын негизги милдеттери: өлкөдөгү жаныбарлардын арасында жугуштуу оорулардын пайда болушуна жана таркалышына бөгөт коюу, малдын ылаңдарын алдыналуу, дарылоо жана элди санитардык экологиялык жактан, жугуштуу агенттерден таза мал чарба жана өсүмдүк азык-түлүктөрү менен камсыз кылуу», — деп жазган ал.