Бүгүн, 17-мартта саат 18:30-20:00 чамасында 7-каналдын «7tv.kg» расмий сайтына хакердик чабуул болду. Алар сайтты блоктоп, кирүү мүмкүнчүлүгүн чектеп, баарын кулпулап салышкан. Ал аралыкта сайтка кирип маалымат окуу жана оңдоо, жүктөө иштери токтогон.
«7tv.kg» сайтынын IT-кызматкерлери тарабынан сайт 2 сааттын ичинде кайра кайтарылып алынды.