7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

1-июлдан тарта тойканалар жабылып, коомдук транспорттор жекшемби күнү каттамга чыкпайт

20864

1-июлдан тарта Жалал-Абадда тойканалар ишмердүүлүгүн токтотот. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тойканалар 1-июлдан тарта белгисиз мөөнөткө ишмердүүлүгүн токтотуп, коомдук тамактануучу жайлар орундуктарын 50%га кыскартуу менен таңкы саат 8:00дөн кечки саат 22:00гө чейин иштейт.

Мындан сырткары, шаар аймагындагы бардык базарлар менчигинин түрүнө карабастан, бекитилген графиктин негинде ар апта сайын бир күнгө дезинфекциялоо үчүн жабылып турат.

Ошондой эле коомдук транспорттор жекшемби күнү каттамга чыкпайт.

Белгилей кетсек, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тийиштүү кызматтар менен биргеликте санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышы боюнча тынымсыз рейддер өткөрүлүп турат.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

20865