Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө 12 талапкерди жактырып парламентке алып чыкты. Жалпы жыйында алардын баары колдоо тапты.
Президенттин квотасы менен сунушталгандар:
- Нуржан Шайлдабекова (учурдагы БШК төрайымы);
- Марс Наспеков;
- Анар Дубанбаева;
- Нурлан Койчукеев;
- Акбалык Жумалиева;
- Айдана Жупуева.
Фракция сунуштагандар:
- КСПД — Узарбек Жылкыбаев, өкмөттүн Ош облусундагы мурдагы өкүлү;
- «Кыргызстан» — Акылбек Эшимов, БШКнын учурдагы мүчөсү;
- «Республика — Ата-Журт» — Кайрат Маматов, Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы;
- «Өнүгүү — Прогресс» — Тынчтык Шайназаров, БШКнын учурдагы мүчөсү;
- «Бир Бол» — Абдыжапар Бекматов, БШК төрайымынын орун басары;
- «Ата Мекен» — Искендер Гайпкулов, Президенттин аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү саясаты, экономика жана финансы бөлүмүнүн жетекчиси.
Белгилей кетсек, БШК мүчөлөрүнүн мөөнөтү 25-июнда бүткөн.