7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Жарандар 1 млн доллардан ашык акчадан кол жууган…». «Финиконун» филиалын уюштурган аял Грузиядан кармалды

725

“Финико” каржы пирамидасынын филиалын уюштургандардын бири Грузиядан кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн жаран 1973-жылы туулган Э.М. аттуу аял киши кармалды. Кармалган жаран каржы пирамидасын уюштурууга айыпталууда. Анын учурдагы ири каржы пирамидаларынын бири “Финико” компаниясына тиешеси бар.

Ал Бишкек шаарында эле кирешелүү инвестицияны туураган алдамчылык долбоордун 15 ашык филиалын ачкан. Ошол кезде аталган мекеменин филиалынын жетекчиси катары жогоруда аталган жаран болгон.

Алынган маалыматтар боюнча, 2019-2021-жылдар аралыгында алдамчылык аракеттердин натыйжасында Кыргызстандын 100дөн ашык жараны 1 283 000 АКШ долларынан ашык акчасынан кол жууган. Андан сырткары, эки жарандан алдамчылык жана чоң кирешени убада кылуу жолу менен 145 миң доллар жана 9 миң 300 доллардан ашык акчасын ээлеп алган деп шектелүүдө.

Азыркы учурда компетенттүү органдар тарабынан экстрадициялоо маселелери чечилип жатат.

Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, “Финико” компаниясы 2019-жылы Россиядагы шаарлардын биринде түзүлгөн. Башында өзүн мыйзамдуу инвестициялык фирма катары көрсөтүп, ай сайын 30 % жогорку кирешени убадалаган. Россияда ондогон миллион доллар чыгым келтирилген.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

726