Панфилов районунда үй оокатын уурдаган жаран кармалды. Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 23-ноябрда милицияга Чалдовар айылынын тургуну 1959-жылы туулган А.М. кайрылып, жалпы баасы 19500 сомду түзгөн үй оокатын уурдап кеткен белгисиз жаранга чара көрүп берүүнү суранган.
Аталган факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 205-беренесинде көрсөтүлгөн (уурдоо) кылмыштын курамы менен кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иштеринин натыйжасында, аталган кылмыш ишине шектүү катарында 1967-жылы туулган жаран аныкталып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тергөө амалдары улантылууда.