7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

1-ноябрдан тарта коронавирус илдети боюнча өзгөчө кырдаал режими жокко чыгарылат

804

2022-жылдын 1-ноябрынан тартып Кыргызстанда коронавирустук инфекцияга байланыштуу өзгөчө абал режими алынып салынат. Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Мындай чечим Кыргызстандын аймагында (COVID-19) боюнча эпидемиологиялык абалдын турукташуусуна жана коронавирустук инфекция оорусуна чалдыккандардын катталуусунун төмөндөшү уланып жатканына байланыштуу кабыл алынды.

Белгилесек, өзгөчө кырдаал режими КРнын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-мартындагы № 93-б буйругу менен калктын коопсуздугун камсыз кылуу жана Кыргыз Республикасынын аймагында калк арасында массалык оорулардын алдын алуу боюнча ыкчам чараларды көрүү максатында киргизилген. Бул Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун COVID-19 жаңы коронавирустук инфекциясынын пандемиясын жарыялоосуна жана КРнын аймагында коронавирустук инфекциянын учурларынын аныкталгандыгына байланыштуу болду.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, учурда өлкөдө COVID-19 боюнча эпидемиологиялык абал турукташкан. Жарандардын арасында коронавирустук инфекциянын катталган бардык учурлары жеңил, же симптомсуз түрдө өтүүдө, оор же өлүмгө алып келген учурлар катталган эмес.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

805