Эртең, 1-октябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.
Ал эми, Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаайт, күндүз да жаашы ыктымал.
Абанын температурасы:
- Чүй облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 11…16;
- Талас жергесинде түнкүсүн 0…5, күндүз 11…16;
- Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 9…14, күндүз 17…22;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 10…15;
- Нарын облусунда жана бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4…-9, күндүз -1…+4.
- Бишкекте түнкүсүн 5…7, күндүз 13…15 градус болот.