7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

100 миң сом пара алган майор менен капитан кармалды

491

Бишкек шаарынын Ленин  РИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери пара алуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

2-октябрда 100 миң сом өлчөмүндө пара алуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын 2-шаардык милиция бөлүмүнүн кылмыш-иликтөө бөлүмүнүн улук ыкчам кызматкерлери милициянын майору А.у.И. жана милициянын капитаны А.А.А. кармалды.

Тергөөнүн жүрүшүндө аталган милиция кызматкерлери Ленин райондук ИИБнын өндүрүшүндө турган кылмыш ишинин алкагында кылмыш жоопкерчилигине тартуу шылтоосу менен жарандан жогорудагы акча каражатын алганы аныкталган.

Кармалган кызматкерлер Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда УКМК тарабынан укук коргоо органдарындагы коррупцияны жоюу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

 

 

 

 

 

 

492