7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

 Садыр Жапаров Италиянын президенти менен жолукту

393

Рим шаарында бүгүн, 3-октябрда, президент Садыр Жапаровдун Италия республикасынын президенти Серджо Маттарелла менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

Мамлекет башчысынын кортежи Квиринале Сарайына келгенде Садыр Жапаров менен Биринчи айым Айгүл Жапарованы Италиянын президенти Серджо Маттарелла жана анын кызы Лаура Маттарелла тосуп алды.

Садыр Жапаровдун келишинин урматына Кыргызстандын желеги салтанаттуу көтөрүлдү. Оркестр эки өлкөнүн мамлекеттик гимндерин аткарып, Ардак кароолдун башчысы салам рапортун берди.

Андан соң Сарайда эки өлкөнүн мамлекеттик желектеринин фонунда сүрөткө түшүү аземи жана делегацияларды тааныштыруу болду. Расмий жолугушуу аземи аяктагандан кийин Садыр Жапаров менен Серджо Маттарелла сүйлөшүүлөргө өтүштү.

 

394