7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто 18 жаштагы жоокер каза болду

571

Ошто күн мурун, 6-декабрда куралга этиятсыз мамиле кылуудан улам чек арачы каза болду. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Алдын ала маалыматка ылайык, Чек ара кызматынын Ош облус боюнча башкармалыгында кызмат өтөп жүргөн 2005-жылы туулган Э.Р. кокусунан АК-74 автоматынан өзүн-өзү атып алган.

Көрсөтүлгөн медициналык жардамга карабастан жоокер алган жараатынан улам мерт кеткен. Окуя болгон жерге келген дарыгерлер аскер кызматкеринин каза болгонун тастыкташты.

Бул факты боюнча тиешелүү органдарга маалымат берилип, окуя болгон жерде иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

572