7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

14 мыйзамды күчүн жоготту деп табуу сунушталды

515

Бүгүн, 26-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндөгү” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында баяндама жасаган юстиция министринин орун басары Зарема Аскарова Министрлер кабинетинин демилгеси менен 14 мыйзамды күчүн жоготтуу деп таануу сунушталып жатканын белгиледи.

Алар:

1) “Мумия жана мумия аралаш минералдык чийки заттарды коргоо жана сарамжал пайдалануу жана Кыргыз Республикасынын Административдик укук бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексине жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процессуалдык кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу” Кыргыз Республикасынын мыйзамы;

2) “Мунай жана газ жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы;

3) “Көмүр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы;

4) “1999-жылга сугат суусун берүү боюнча кызматтарды көрсөткөндүк үчүн тарифтерди белгилөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы;

5) “Кыргыз Республикасынын тоолуу аймактары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы;

6) “Айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн колдоо үчүн айыл чарба продукциясын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы;

7) “Почта-аманат тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы;

8) “Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналардагы калктуу конуштарында туруктуу жашап жатышкан жана экономикалык иш жүргүзгөн юридикалык жана жеке адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы;

9) “Кыргыз Республикасындагы Юбилейлик иш-чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы;

10) “Талаачылык иштерин жүргүзүү үчүн айыл жериндеги товар өндүрүүчүлөрдү мамлекеттик колдоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы;

11) “Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы;

12) “Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы;

13) “Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы;

14) “Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы.

Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев мыйзамдагы техникалык катачылыктарга токтолуп, маселени тыкыр карап чыгуу керектигин кошумчалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

516