Бүгүн, 26-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынындагы “Ар кандай” маселелер саатында өлкөдөгү бир катар саясий-экономикалык маселелер көтөрүлдү.
Анда, депутат Балбак Түлөбаев Тоң районундагы Туз көлдү алган ишкер аталган уникалдуу жайды иштете албай жатканын айтып: “Өзү жакшы шарт түзө албаса, элге кайра кайтарып берсин”, – деди.
Ал эми депутат Эрулан Кокулов мугалимдер менен окуучулар ортосунда болуп жаңжалдарга токтолуп: “Бул жагдайды эки тараптуу кароо зарыл. Бирок мугалим менен окуучунун ортосундагы мамилени жөнгө салган инструмент жок экен. Биз ошого көңүл бурушубуз керек”, – деп кошумчалады.
Ошондой эле депутат Сүйүнбек Өмүрзаков турак-жай алып берем деп убада кылып, шылуундук менен алектенген кооперативдердин ишмердүүлүгү боюнча сөз кылып: “Топтогон каражатын берип, үй ала албай калган жарандар арбын болууда. Бул көрүнүштү көз жаздымда калтырбай, тыкыр иликтөө зарыл”, – деди.