Бүгүн, 26-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынындагы «Ар кандай» маселелер саатында депутат Миргул Темирбаева Билим берүү министрлигинин мектептерге 12 жылдык окуу системасын киргизүү демилгеси тууралуу өз пикирин билдирди.
Эл өкүлү азыркы билим берүү моделин калтырууну сунуштап, билим берүү программаларынын мазмунуна жана мектеп инфраструктурасын өнүктүрүүгө басым жасоого чакырды.
Тактап айтканда, депутат Миргүл Темирбаева Бишкек шаарындагы мектептерде окуучулар класстарга батпай, бир партага төрттөн бала отурганы жөнүндө сөз кылып, тармактагы башка көйгөйлөргө да токтолду. Ошондой эле ал көп тилдүү билим берүүнү өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи. «Кыргызстанда мамлекеттик жана расмий тилдер менен катар окутуу англис тилинде да жүргүзүлүшү керек», — деди Миргүл Темирбаева.
Сөзүнүн аягында депутат Баткен облусунун Лейлек районундагы «Үмүт шооласы» күндүзгү реабилитациялык борборун Билим берүү министрлигинин же Социалдык камсыздоо министрлигинин балансына өткөрүүнү сунуштады. «Азыр мугалимдер жана тарбиячылар өз кызматтарын бекер көрсөтүп жатышат. Буга чейин донорлор тарабынан каржыланган долбоордун алкагында айлык акы төлөнүп келген», — деди Миргүл Темирбаева.