7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«15 мүнөт сайын тамактанбаса, көз жумушу мүмкүн». 33 жаштагы Лиззинин салмагы 29 килограммдан ашкан эмес

1230

Элизабет Энн «Лиззи» Веласкес 1989 жылы 13-мартта Американын Остин шаарында туулган. Ал учурда блогер, жазуучу, мотивациялык спикер болуп иштейт. Бою 158 см ал эми салмагы 29 килограммдан ашкан эмес. Бул «анорексия» оорусу эмес бирок, ал дүйнөдөгү сейрек кездешүүчү оорудан жабыркайт.

Дүйнө жүзүндө мындай ооруга чалдыккан үч гана адам бар. Анын синдрому — Видеман-Раутенстраух. Лиззи 4 жашынан тарта оң көзү көрбөй калган жан сол көзү дагы жакшы көрбөйт.

Ал 15 мүнөт сайын тамактанып турбаса жашоо менен коштошушу мүмкүн. Лиззи Веласкес АКШда карапайым адамдардын үй-бүлөсүндө чоңойгон.

Ал бир килограммдан да аз болуп төрөлгөн. Дарыгерлер ата-энесине кыз баса да, сүйлөй да албайт деп айтышкан. Бирок алар баладан баш тартууну да ойлошкон эмес. Лиззи өзүнүн өзгөчөлүгүн байкаган да эмес. Ата-энеси аны мээримге бөлөп чоңойткон. Эң алгачкы жолу мектепке барганда, аны айланасындагылары таң калуу менен карап,шылдыңдагандар да болгон. Ошол убактан тарта ал депрессияга кабылып, ыйлап өткөргөн түндөрү көп болгон.

17- жашында ал жөнүндө бирөө социалдык тармактарга видео жүктөп «дүйнөдөгү эң өңү суук кыз» деп чыгарып койгон. Ал аны кокусунан көрүп , шилтемеге киргенде өзүнүн жүзүн көргөн. Ага аябай көп жаман билдирүүлөр келип, көптөгөн адамдар Лиззиге өзүн өлтүрүүгө кеңеш беришип, мындай келбети менен жашоо мүмкүн эмес деп жазышкан. Лиззи бул кырдаалдан чыгуунун эки жолун ойлогон. Өзүн жаман көрүү же башын бийик көтөрүү менен жашоону жылмайып өткөрүү. Ал экинчисин тандап, өзүнүн тарыхы жөнүндө бир нече китеп жазган, конференцияларда жана семинарларда сүйлөп, жакындан билим алган. Учурда өзүнө болгон баалоосу төмөндөп кеткен адамдарга жардам берүүчү долбоордун үстүндө иштеп, өзүн сүйүүгө жана кандай болсоң ошол бойдон өзүңдү кабыл алууну үйрөтүп келет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1231