Баңгизаттарды таратууга жана сатууга мажбурлоо фактысы боюнча Талас ШИИБдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы кызматынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМК Ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматы менен бирдикте кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө, баңгизатын сатуу үчүн акча каражаттын бир бөлүгүн алып жаткан учурда, Талас ШИИБдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы кызматынын улук тергөөчүсү, милициянын капитаны кармалды.
Кармалган кызматкер белгилүү убакыт аралыгында баңгизатын алып келип, кылмыш жоопкерчилигине тартуу коркунучу менен Талас шаарынын тургунун баңгизат сатууга мажбурлаган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту (баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.