7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто ири өлчөмдөгү баңгизатты мыйзамсыз сактоого жана сатууга шектелген жаран кармалды

475

Ошто ири өлчөмдөгү баңгизатты мыйзамсыз сактоого жана сатууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

18-март күнү ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Мобилдүү ыкчам бөлүмдөрүнүн башкармалыгына жарандын Ош облусунун жана Ош шаарынын аймагында өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизатты мыйзамсыз сактап жана сатуу аракеттерин көрүп жүргөндүгү жөнүндө маалымат келип түшкөн.

Бул факты боюнча 18-мартта Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүмү менен кылмыш иши козголгон. Жогорудагы маалымат боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Мобилдүү ыкчам бөлүмдөрүнүн башкармалыгынын кызматкерлери 2022-жылдын 2-апрель күнү саат 16:30 чамасында Ош шаарынын Шакиров көчөсүндө 1991-жылы туулган жарандын башкаруусундагы ДЭУ-Матиз үлгүсүндөгү автоунааны токтотушкан.

Автоунаанын ичиндеги жүргүнчү катарында бара жаткан 1985-жылы туулган жана баңгизатты мыйзамсыз сатуу үчүн мурда бир нече жолу соттолгон 1971-жылы туулган жарандар болгон. Жарандын жашаган Ош шаарындагы батирге кызматтык ит менен кечиктирилгис тинтүү жүргүзүү учурунда жуунучу бөлмөсүнөн скотч менен оролгон салмагы 1 кг. 7 гр. болгон 1 даана таңгак зат табылган. 3-апрелдеги соттук-медициналык экспертизанын корутундунун негизинде жогорудагы табылып алынган зат “гашиш” баңгизаты экендиги аныкталып, анын жалпы салмагы 1 кг. 7 гр. түзгөн.

Аталган факты боюнча кармалган жаран Ош шаарындагы №5 тергөө абагына киргизилди. Бүгүнкү күндө жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча иш-чаралар улантылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

476