7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

15-сентябрда Улукбек Марипов мектептерге барып балдарга ачык сабак өтөт

1299

Эртең 15-сентябрда, жаңы окуу жылынын биринчи күнүнө карата министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек  Марипов өкмөт мүчөлөрү Чүй облусундагы мектептердин биринде балдарга ачык сабак өтөт. Бул тууралуу маалыматты Марипов социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

“Окуунун биринчи күнү балдардын эсинде калышы керек. Мектептерде салтка айланып калган “Тынчтык сабагы” деп аталган класстык сааттар өтүлөт. Бул күнү мен Чүйдөгү мектептердин бирине барып, балдарга ачык сабак өтүүнү пландап жатам. Менин орун басарларым жана Министрлер кабинетинин мүчөлөрү башка мектептерде да сабак өтүшөт. Бул өзүбүзгө да, балдарга да кызыктуу болот деп ойлойм”, — деп жазган Марипов.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда 2021-2022-окуу жылы 15-сентябрда башталат. Өлкө боюнча 159 миң бала 1-класска кирет. Былтыркы окуу жылы пандемияга байланыштуу онлайн форматында өткөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1300