7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

15 жаштагы курбулар Зыйнат жана Айсезим үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз

747

15 жаштагы курбулар Иманказы кызы Зыйнат жана Замирбек кызы Айсезим изделүүдө. Бул тууралуу Сокулук райондук ички иштер бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, алар 14-ноябрда саат 13:00дө Военно-Антоновка айылында үйдөн чыгып кеткен бойдон кайра келишкен эмес.

Иманкул кызы Зыйнат. Белгилери: бою болжол менен 155 см, көздөрү күрөң, чачы кара, уун, арык чырай, бети сүйрү, кара тору.

Өзгөчө белгилери: оң колунун сөөмөйүндө тырыгы бар.

Кийими: үстүндө кара-жашыл үстөгү кышкы куртка , ак джынсы шым, кара кроссовка.

Замирбек кызы Айсезим. Белгилери: бою болжол менен 150 см, көзү күрөң, чачы кара, узун, орто дене түзүлүштө, бети сүйрү, ак жуумал.

Өзгөчө белгиси: мурдунун оң жагында кичинекей меңи бар.

Сезонго жараша кийинген.

Бул кыздарды көргөн-билгендер болсо төмөнкү номерлер аркылуу Сокулук райондук ИИБге кабарлап коюңуздар: 0(312) 60-75-67, 0(700) 63-63-00, 0(701) 80-18-03.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

748