7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

16 жашар кыз ала качып бара жаткан унаадан секирип көз жумду

271

Өзбекстанда ала качууга дуушар болгон кыз жүрүп бара жаткан автоунаадан түшө качып, каза болду.


Милициянын маалыматы боюнча, окуя Наманган облусундагы Нарын районунда 20-декабрда катталган. 18 жана 23 жаштагы эки жигит 16 жаштагы кызды күч менен автоунаага салып, алып кетүүгө аракет кылышкан. Машине жүрүп бара жатканда кыз секирип түшүп, алган жараатынан улам каза болгон.


Маркум кыз курбулары менен бирге батирде жашап, университетке тапшырууга даярданып жатканы кабарланды. Бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталды.


Милициянын маалыматы машинедегилер маркум кызды кандай максатта ала качканы айтылган эмес. Бирок Борбор Азия жана Түндүк Кавказ элдеринде турмуш куруу максатында ала качуу өнөкөтү азыркыга чейин сакталып калган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

272