7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

16 жашка чейинки өспүрүмдөргө соц.тармактарга кирүүгө тыюу салынышы мүмкүн

2

Казакстанда массалык маалымат каражаттары жөнүндө мыйзамдарга өзгөртүү киргизилүүдө. Бул тууралуу вице-премьер-министр, маданият жана маалымат министри Аида Балаева өкмөттүн жыйынында билдирди, деп жазат “Qazaqstan Media”.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчынын Улуттук курултайдын 5-сессиясында берген тапшырмасына ылайык, балдардын жана өспүрүмдөрдүн социалдык тармактарга кирүүсүнө чектөө киргизүү маселеси каралууда. Бул үчүн Маданият жана маалымат министрлиги 16 жашка чыга элек жарандардын социалдык тармактарга катталуусуна тыюу салган мыйзам долбоорун иштеп чыккан.

Бул документтер каралып, коомдук талкууга чыгарылды. Өзгөртүүлөрдү натыйжалуу ишке ашыруу максатында Билим берүү министрлиги жана Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте колдонуучулардын жашын текшерүү механизмдери иштелип чыгат. Учурда зарыл болгон жоопкерчилик чараларын киргизүү да пландалууда.

Министр ошондой эле калктын медиа сабаттуулугун жогорулатууга жана көз карандысыз маалымат каражаттарын колдоого артыкчылык берилерин баса белгиледи.

«Бул багытта тармактык журналистиканы өнүктүрүү боюнча комиссия жана башка механизмдер аркылуу системалуу иштер жүргүзүлүп жатат. Жарнакты онлайн аянтчалар менен ЖМКнын ортосунда жайылтуу, айрым товарларды жарнамалоого тыюу салууну жарым-жартылай алып салуу маселелери да мыйзам чегинде каралат», — деди Аида Балаева.

3