7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Электрондук капчыктар ишкердикте кантип колдонулат? Салык кызматынан жооп…

260

Жеке жактарга катталган электрондук капчыктарды ишкердик жүргүзүүдө колдонуу үчүн жоопкерчилик чаралары тууралуу Салык кызматынын түшүндүрмөсү

Мамлекеттик салык кызматы ишкердик жүргүзүүдө электрондук капчыктарды колдонуу тартибин, ошондой эле жеке жактардын эсептерин жана капчыктарын бизнес жүргүзүү үчүн пайдалангандыгы үчүн жоопкерчилик чараларын түшүндүрөт.

Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык, ишкердик субъекттери ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө ишкердик эсептерди жана электрондук капчыктарды гана пайдаланууга милдеттүү.

Жеке жактардын жеке эсептери жана капчыктары жеке, коммерциялык эмес максаттарда гана колдонулат. Ишкердиктин алкагында товарлар же кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн жеке жактын жеке электрондук капчыгын же QR-кодун колдонуу мыйзамды бузуу болуп саналат.

261